18-октябрь күнү эртең менен Бишкектеги “Баят” базарынын жанынан эркек кишинин сөөгү табылды. Болжол менен ал 45-50 жаштагы жаран экен. Учурда анын ким экени билинбей жатыптыр. Милициялар каза болгон жарандын өздүгүн тактоонун аракетин көрүшүүдө. 18-октябрь күнү Бишкекте дагы бир кылмыштуу окуя катталды.
Белгилүү болгондой, Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында 1981-жылы туулган жаранды атып кетишкен. Бактыга жараша жаран аман калган. Бирок октон жабыркаган жаран мас экени белгилүү болгон. Ага чейин Маевкада белгисиз бирөө көчөдө, короо ичинде токтоп турган машинелерге өрт коюп, эки-үч машине өрттөн күйүп жок болгону белгилүү болгон эле. Машинелерди өрттөгөн киши психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүн экендигин милициялар билдиришкен. Учурда бул окуялардын үстүнөн иликтөө иштери жүрүүдө…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ