2017-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын МУКК тарабынан Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү, Жалал-Абад областынын тургуну, 1986-ж.т. А.Н. аттуу КР жараны кармалды, – бул туурасында МУУКтун пресс-борбору маалымдады.
А.Н. 2015-жылдан тарта Сириядагы ЭТУ бандиттик түзүмдөрүнүн мүчөсү болуп жүрүп, ал жактагы өкмөттүк аскерлерге каршы согуш аракеттерине катышкан.
А.Н. Кыргызстанга Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) башчыларынын тапшырмасы боюнча террор чабуулдарын уюштуруу жана ишке ашыруу максатында келген.
А.Н. КР МУКК тергөө карак жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ