2017-жылдын 11-ноябрь күнү милиция кызматкерлери Сузак айылынын 36 жаштагы Х.М. аттуу жашоочусунун үйүн текшерүү учурунда, тиешелүү документтери жок “ПМ” үлгүсүндөгү ок атуучу курал, 20 даана 9-калибрдеги, 20 даана 7,62-калибрдеги жана 50 даана 5,6-калибрдеги октор табылып алынган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Ушул эле айылдын 52 жаштагы Ж.С. аттуу тургунунун үйүн кароо учурунда жер төлөсүнөн “Карабин” үлгүсүндөгү 7,62-калибрдеги ок атуучу куралы табылган.
Алынган ок атуучу куралдар, октор экспертизага жөнөтүлгөн.
ИИМ эскертет: Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 241 жана 242-беренелеринде көрсөтүлгөндөй, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, андан сырткары, куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо кылмыш иши катары эсептелип, жоопкерчиликке тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ