Menu

Улан Исраилов жеке өзү Бишкек ШИИББдин жаңы башчысы С. Рахмановду өздүк курамга тааныштырды

Бөлүшүү:

Бүгүн 4-август күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Исраилов Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын чоң залында Бишкек ШИИББдин өздүк курамына жаңы дайындалган жетекчиси-милициянын полковниги Рахманов Сталбек Кеңешбековичти жеке өзү тааныштырды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Ал буга чейин Бишкек ШИИББдин башчысынын орун басары кызматында иштеп келген. Рахманов Сталбек 1972-жылы 10-январда туулган. 1994-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетин, 2004-жылы милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын аяктаган.

Эмгек жолун 1994-жылы ички иштер органынын кылмыш иликтөө ыкчам кызматынан баштап, Бишкек ШИИББдин Ленин райондук ИИБнын башчысы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин 10-ББнын башчысы, Бишкек ШИИББдин Биринчи май райондук ИИБнын башчысы, Бишкек ШИИББдин башчысынын орун басары кызматын жана башка башчылык кызматтарды аркалаган.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органында иштеп жаткан учурунда түзүмдүн медалдары жана мамлекеттин “Даңк” медалы менен сыйланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: