Балыкчы калаасынын буга чейинки мэрлери Мирлан Бообековдун жасалма жол менен алган диплому, кийинки мэр Сатыбек Шамшудиновдун үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин тергөөсү боюнча жооп болбой, жыйынтыгы чыкпай жатканы эмнени билдирет? Дал ушундай ыраатсыздыкка ачууланган Балыкчы калаасынын бир катар активисттери башпрокурор Индира Жолдубаевага арыз жазышып, экс-мэрлер М.Бообеков менен С.Шамшудиновдун үстүнөн козголгон кылмыш иштерин тергеп бүтүп, соттук кароого жөнөтүлүшүн көзөмөл кылууну башпрокурор айымдын өзүнөн суранышууда. Антпесе, жергиликтүү прокурорлор «бармак басты, көз кысты» мамиле менен береги эки эргулдун үстүндөгү кылмыш иштерин сотко жөнөтпөй келгендери жалган беле? Арыз Индира айымдын өзүнүн наамына 1-август күнү келип түштү. Мыйзамды көзөмөлдөө органынын башчысы эми маселени жүрнарыга салбастан, жеке көзөмөлүнө алса, анда эле берки эки берендин толгон шиштери жарылабы?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ