Австралияда мурдагы сойку Гвинет Монтенегро автобиографиялык мүнөздөгү китеп жазып, анда өз кесиби аркылуу кандай ийгиликтерге жетишкендигин баяндаган. «New York Post» басылмасынын жазганына караганда, 39 жаштагы Гвинет буга чейин 10 миң (!) эркек менен жаткан. «Секс-индустриясында кантип ийгиликке жетишсе болот?» деп аталган китебинде автор сойкулар да оңбогондой акча тапса боло турганын айтып, буга сойкунун фигурасы, жаш курагы эч кандай тоскоол болбосун белгилейт. Гвинеттин пикири боюнча, бүткүл дүйнөнүн сойкулары анын китебин окуп, кеңештерин угуп, өздөрү үчүн көп пайдалуу нерселерди алышса болот.
Азыр экс-сойку семинарларды өткөрүп, лекцияларды окуп, жаштарга өзүнүн «кесибинин» сырларын үйрөтүп жаткан кербези.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ