Чек арадагы абалдан улам бюджетке ири суммадагы каражат түшпөй калуу коркунучу пайда болду. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев маалымдаган.
Анын айтымында, 2017-жылга карата Бажы кызматы 1 млрд. 800 млн. сом кошумча каражат чогултат деп пландалган, бирок 500 миллион сомдой түшпөй калышы мүмкүн. Ал эми салыктан 2 миллиард сом кемийт деген тобокелчиликтер бар. «Маселени чечүүнүн жолдору изделип жатат» дейт башкы финансист.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ