Menu

Окуучулар Сузак райондук сотунда болушту

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областынын Сузак райондук соту 2017-жылдын 17-ноябрында мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына ачык эшиктер күнүн уюштуруп берди.  Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Соттун төрайымы А.Смадиярова окуучуларга  райондук сот менен апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанциядагы соттун айырмасын айтып берип, андан кийин окуучулардын келечекке койгон пландары менен таанышып, өздөрүнүн тажрыйбалуу кеңештерин келечектеги адистерге берди. Фемиданын өкүлү жаштарды өз мекенинин мыйзамды сыйлаган атуул болуусуна жана өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө үлгү болуп берүүсүнө чакырды.

Мындан тышкары, райондук соттун төрайымы окуучуларды сотко арыздардын келип түшүүсүнөн баштап каралып бүткөн ишти архивге тапшырганга чейинки соттун иш жүргүзүүсү менен тааныштырды.

Ачык эшиктер күнүн жыйынтыктап, Сузак райондук соттун төрайымы А.Смадиярова окуучуларга экзамендерин ийгиликтуу тапшырып алуусун  жана келечекте тандашкан кесиптин жогорку даражадагы адиси болуусун каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: