Буга чейин дарыланып атканын айтып, кайсы өлкөдө экени белгисиз, ың-жыңсыз жүргөн Өмүрбек Бабановго карата оор беренелер менен кылмыш иштери козголгону белгилүү. Дагы да кошумча айыптар тагылып, мурдагы бизнес иштери толук кандуу чукулаары каңкууланууда. Дал ушул арада бийлик билермандары Бабановду Интерпол аркылуу карматуу идеясын айтууда. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков да бул боюнча кызыкдар экенин жакындары жашырган жок. Эсиңерде болсо, шайлоо алдында Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү Бабановдон баштай турганын эл астында ачык айткан. Көпчүлүк катмар шыпшынууда «Президент сөзүнө тура алабы, же анысы курулай эле популизм беле?» дешип. Эмесе, бийлик Интерполдун жардамы менен Бабановду Кыргызстанга кармап келүүгө билек түрүп атканы иш жүзүнө канчалык деңгээлде ишке ашат? Албетте, бул өтө оор суроо.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ