Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов мектепке түшүрүлгөн көмүрлөрдүн теңин жеп коюп жаткандыгын айтып наалыды. Бул маалымат коомчулуктун кыжырын келтирип, Кайыповдун дарегине нааразы кептер айтылууда. Баары бүтүп эми мектеп окуучуларына бөлүнгөн жылуулукка чейин кол салып жатса, анда Аманбайдын чындап эле соодасы бүтүптүр. Кызматтан кетээрине бир жумага жетип жетпеген эле убакыт калгандай. Жоругу жолдо калсын, окуучулардын да ырыскысына кол салабы?
Булак: ”Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ