Menu

Бердымухамедов шайлоодогу атаандашын жогорку кызматка дайындады

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн мурдагы атаандашын жогорку кызматка дайындады. 12-февралда өткөн президенттик шайлоодо экинчи орунду алган Максат Аннанепесов Мамлекеттик тамак өнөр жайы бирикмесинин төрагасы болду. Ал буга чейин аталган мекемеде орун басарлык кызматты аркалап келген.

Аннанепесовдун президенттике талапкерлигин жарандык демилгечил топ жылдырган. Шайлоодо ал 1,02% добуш топтогон.

Президенттин калган жети атаандашы бир пайыздан аз добуш алышкан. Алардын перспективалары тууралуу азырынча белгисиз, бирок жооптуу кызматтарга дайындалып калуулары мүмкүн экени айтылууда.

БШКнын маалыматы боюнча, өлкөнү 2007-жылдан бери башкарып келаткан Бердымухамедовду болсо шайлоочулардын 97,69 пайызы колдогон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: