Нарын районунун имам хатибдеринин жалпы жыйыны өтүп, анда алардын отчеттору кабыл алынды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Отчеттук жыйында каттоодон өтө элек мечиттердин санын кыскартуу боюнча тапшырмалар берилип, аймактардагы бир катар маселелер, жакын арада өткөрүлүүчү иш чаралар тууралуу сүйлөшүлүп, алдыга бир топ максаттар коюлду.
Ал эми Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев имам хатибдердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында имам Абу Ханифанын өмүр баянынан тест түрүндө сынак жүргүзүп, мындан ары ар бир жыйында билим берүү жаатына маани берилээрин баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ