Menu

АКШнын мамкатчысы күтүүсүз сапар менен Ооганстанда болду

Бөлүшүү:

Рекс Тиллерсон Кабулдагы күтүүсүз сапары учурунда ооган президенти Ашраф Гани менен Вашингтондун Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын талкуулады.

АКШ элчилигинин билдирүүсүндө Тиллерсон Баграм аба базасындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө “АКШ Ооганстанда тынчтыкка жетишүү жана бул максатка тоскоолдук кылган террорчуларга башпаанек берилбеши үчүн Ооганстан жана аймактагы башка өнөктөштөр менен иштешүүгө дилгир экенин”, – белгилеген.

Ал эми ооган президенти Ашраф Гани АКШнын жаңы стратегиясына колдоо көргөзүп, анын өкмөтү реформаларга куштар экенин айткан.

Президент Дональд Трамптын администрациясы Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын быйыл август айында жарыялап, ал жакта буга чейин турган 11 миң жоокерине кошумча дагы 3 миң аскер жөнөткөн эле.

АКШ мамлекеттик катчысы азыр Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия боюнча алты күндүк сапарда жүрөт. Буга чейин ал Сауд Аравия жана Катарда болду. Эми Пакистан менен Индияга барат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: