Бүгүн, 4-июлда Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болот. Президенттик аппараттын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда жыйында укук коргоо органдарын реформалоо жана азыркы шарттарда республикада миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча маселелер каралат.
Жыйын жабык режимде өтөт. Анын жыйынтыктары боюнча Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров журналисттерге брифинг өткөрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ