Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын-ала берген маалыматы боюнча 2017-жылдын 16-ноябры күнү саат 07:42 чамасында республикабыздын аймагында эпицентрде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда жер титирөөнүн очогу: Кыргыз Республикасынын аймагында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан 43 чакырым түштүк-чыгышты, Караколка айылынан 105 чакырым түштүк-батышты, Каджы-Сай шаарчасынан 36 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ