Бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик “Дан” ишканасынын директору, ашынган КСДПчы Алга Кылычевдин Кyrgyztoday.кg сайтына, Бегалы Наргозуевге жана Мавлян Аскарбековго 70 млн сом доо арткан арызы боюнча экинчи сот отуруму болуп өттү.
Сот Мавлян Аскарбековдун жаңы жактоочуларынын иштин чоо-жайы менен жакшылап таанышып чыгууга убакыт берүү боюнча суранычын канаатандырып, соттун кийинки отурумун 17-майга жылдырды.
Сотто Кyrgyztoday.кg сайтын, Бегалы Наргозуевди жана Мавлян Аскарбековду “Медиа полиси”өкмөттүк эмес уюмунун жана “Адилет” укуктук клиникасынын адвокаттары коргоп жатышат.
Эсиңиздерге сала кетсек, ашынган КСДПчы Алга Кылычев Кyrgyztoday.кg сайтын жана Бегалы Наргозуевди активист Мавлян Аскарбековдун Алга Кылычев тууралу постун 2016-жылы сайтка жарыялагандыгы үчүн бүгүн сотко берип, 70 млн сом өндүрүп берүүнү талап кылып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ