Menu

Турак жай көйгөйү келечекте улут коопсуздугуна коркунуч туудурат (же улуттун уңгусуна урулчу дагы бир сокку)

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары борбор калаада көп кабат (элита деп аталган) үйлөр массалык түрдө курулууда. Бирок, ал үйлөрдөн батир алуу карапайым кыргыздар үчүн кол жеткис нерсе болчу. Себеби, баасы асманды чапчыган андай батирлерди алууга (айлыгынан башка каржы булагы жок) карапайым бюджетниктердин чама-чаркы келбейт. Акыркы жылдары муз ордунан козголуп, андай көп кабат үйлөрдүн баасы түшүп, орто катмар, интеллигенция үчүн кичинеден “доступный” боло баштаган тенденция байкала баштаган. Анткени, жергиликтүү байлар, оокаттуу катмар бир-эки сыйрадан алып, андан кийин чет жерлерде иштеп жүргөндөр да экинчи толкун менен массалык түрдө кичи мекенинен батир алып чыгышты. Ал эми негизги массанын айлык акысы айдан айга өп-чап жетип күн кечирүүдө. Демек, суроо-талап азайды. Ал эми курулуш компаниялары элиткаларды күргүштөтүп курууну улантышууда. Бирок, жергиликтүү элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөп, батирлер өтпөй калды. Азыр батирлердин баасы түшүп, узак мөөнөткө, бөлүп-бөлүп төлөө сыяктуу жолдор сунушталып, батир алууга карапайым кыргыздарда кичинеден мүмкүнчүлүктөр боло баштады.

Тигил же бул өлкөдөгү демографиялык процесстерде адамдын жеке менчик турак жайга ээ болушу да чоң роль ойнойт. Туулуп өскөн, киндик каның тамган жериңде башпаанек кылар үйүң жок болсо, сенден өткөн бактысыз адам жок. Өз мекениңде башың менен жер казып иштесең деле 20 жылда да үй алууга мүмкүнчүлүк болбосо, анда төрт тарабың кыбыла болуп, дүйнө кезип, башка өлкөлөрдөн бакыт издеп кеткиң келет. Миңдеп, жүздөп чет өлкөлөргө эмгек мигранты болуп кетип жаткан мекендештерибиздин да бирден бир жүйөөсү дал ушул турак жай маселеси экени белгилүү.

Кыргызстанда 300 миң үй-бүлө үйсүз, бир үй-бүлөдө бештен мүчө болгондо дээрлик 1,5 миллион адам үйсүздөрдүн катарында. Мындан тышкары өзгөчө аймактарда жашаган 20 миң үй-бүлөнү тез аранын ичинде көчүрүү зарыл. Кыргызстан калкты турак жай менен камсыздоодо кошуналардан артта. 1991-жылы турак жай менен камсыздоо 1 адамга 12,2 чарчы метр болсо, бүгүн да ал көрсөткүч өзгөргөн жок, бир адамга 25,4 чарчы метр, Оруссияда 23,4 чарчы метр, Казакстанда 19,6 чарчы метр, Кытайда 27 чарчы метрди түзөт. Кыргызстанда жашаган 70 пайыздан ашык калктын ар бирине болгону 5 чарчы метр аянт туура келет экен. Аны жок дегенде 18 чарчы метрдик деңгээлге жеткирүү абзел. Ал үчүн 30 миллион чарчы метр турак жай курулушу керек. Алардын ичинен 7,5 миңден ашык көп кабаттуу үйлөрдү куруу зарыл. Кыргызстанда турак жай боюнча мамлекеттик программа жок. 2015-жылы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай программаны иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча өкмөткө тапшырма берген, андан натыйжа болгон жок. Бизде бийликке каш кайтарган адамдын айткан идеясы кулак сыртынан кетет, бийликтин оозунан чыккан сөз теледен жумалап кайталанып тажатат.

Учурда элибиз өзүнүн түшүнүгүнө, каржылык абалына жараша үйлөрүн курууда. Жылына 15 миңден ашык жер тилкелери үй курууга бөлүнөт. Шылуундардын курмандыгына айланып, үй салып, бирок, документи жок жүргөндөр 2012-жылга чейин 50 миң үй-бүлөгө жеткен. Бишкекте болсо бул көрсөткүч 6 миң үй-бүлөнү түзөт. 2001-жылдын 25-апрелиндеги өкмөттүн токтомуна ылайык, 10 жыл аралыгында 17,6 миллион чарчы метр турак жай курулмак. Бирок, 2001-2005-жылдары 2,3 миллион чарчы метр турак жай курулуп, анын ичинен мамлекеттин каражатына болгону 19,2 чарчы метр турак жай тургузулган.

Статистикалык маалыматтар боюнча бизде үйлөрдүн 90 пайызын эл өзү курат. Дагы бир өзгөчөлүк, Кыргызстандагы турак жай курулушунун өнүгүшү Оруссиянын экономикасы менен байланышкан. Аталган өлкөдөн 2005-жылдардан баштап өлкөбүзгө жыл сайын 1-2 миллиард доллардан каражат которулуп, алар негизинен үй курууга жана сатып алууга сарпталган. Бирок, 2010-жылкы революциядан кийин өтө кечиктирилгис маселелер арбын болуп, республикадагы турак жай маселеси көз жаздымда калып калды.

Албетте, аскер адамдары, күч структуралардын кызматкерлери үчүн үйлөр салынып, пайдаланууга берилүүдө. Бирок, ал деңиздеги тамчыдай. Мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин бүтүндөй армиясынын көбүнүн үйлүү болсом дегенде эки көзү төрт. Тилекке каршы, чамасы чакталуу.

Ошентип, жогоруда сөз болгондой эми-эми үй алууга (ипотека, узартуу ж.б. жолдор менен) орто ылдыйкы катмардын мүмкүнчүлүгү пайда болуп башталганда кайдан-жайдан бир демилгечи топ пайда болуп: чет өлкөлүктөргө Кыргызстандан үй алууга уруксат бериш керек деген мыйзам долбоорун жазып, ЖКга сунуштаганы шымаланып турушат. Ансыз деле чет элдиктер 25 жылдан бери эң көп үй алгандар болуп келгенин (улут аралык никелүүлөр) негизинен Бишкектин чок ортосунун жашоочулары түрк, индус, кытай, перс, ж.б. чет өлкөлүк күйөө балдар басымдуу болуп баратканын менин кварталдык комитеттин башчысы болгон таанышым айткан жайы бар. Мисалга бир эле кытай улутундагыларга тийген кыргыз кыздардын саны эгемендик алгандан бери 18 миңге чамалаганын, бул официалдуу гана көрсөткүч экенин, адатта бейрасмий көрсөткүч эки эсе жогору болоору белгилүү. Көрдүңүзбү окурман, өз өлкөлөрүндө калктын жыштыгынан, саясый, экономикалык ж.б. толтура себептерден улам Кыргызстанда жашап калууну каалаган чет элдиктердин саны жыл санап өсүп жатат. Аракеттеги мыйзам боюнча Кыргызстандык кыз-келиндерге үйлөнгөн чет элдиктер аялдарына каттатып, үй алууга болорун шарттайт. Демек, “күч күйөө” болсо да өлкөбүздүн граждандары болуп калгылары келгендердин саны жетиштүү. Жаратылышы кооз, кереметтүү Кыргызстаныбызда түбөлүк калууну көздөгөндөр дагы көбөйөт. Эгер жогорудагы мыйзам кабыл алынса элиталык батирлерге эле эмес, Бишкектин жака-белиндеги үйлөрдүн баасы да геометриялык прогрессия менен өсүшү күтүлөт. Жаңы гана үй алууга үмүтү пайда болуп калган карапайым кыргыздар “алаканын шак коюп көчүгүн жерге так коюп” отуруп калат. Акырындап эволюциялык түрдө Бишкектин элинин демографиялык курамы өзгөрөт. Ошентип, кыргыз улуту болуп көрбөгөндөй аргындашат, алардан туулгандар кыргыз болбойт. Себеби, кыргызча сүйлөбөйт, ага өзүбүз күнөөлүүбүз. Коңшулар эчак эле өз мекениндеги башка улуттарын казакча, өзбекче, тажикче сүйлөтүп алышкан. Балким 200 жылдан кийин аргындашуудан күчтүү, акылдуу эл пайда болоор. Бирок, улуттун уңгусуна оңбогондой доо кетет. Кыргыз бийлиги эгемендикке ээ болгондон бери стратегиялык маселелерди чечкенге алы келбей анекдоттогу “20 жылдан кийин же мен өлөм же хан өлөт же эшек өлөт” дегендей тактика менен жашап келет. “Антсе эмне экен, бул табигий көрүнүш” деген глобалистер салыктан түшчү каражатты эсептеп, алакан ушалаган материалистер кайра эле өзүбүздөн чыгары белгилүү.

Ошентсе да биз эске алчу бир чындык бар. Ал – биз бүтүндөй дүйнөнү демографиялык потенциалы менен сестентип турган Кытайдын б.а. ажыдаардын араанында жатканыбыз, түштүк тараптан Иран, Ирак, Индия сыяктуу калкы жыш элдердин азырынча Батышка багытталган агымы да бизди көздөй бурулуп кетүү тобокелдиги бар аймакта, андан калса дүйнөдөгү эң кооптуу (бир катар факторлордон улам) Фергана өрөөнүндө жайгашканыбыз. Мындай мыйзамды демилгелеген топтун артында курулуш магнаттары же тынч экспанцияны көздөгөн тышкы күчтөр турушу мүмкүн. Ким болсо да алар улуттук кызыкчылыктар тутумуна доо кетирер, улуттун уңгусун акырындап алсыратар демилгени көтөрүп жатканын, улуттук коопсуздука бара-бара шек келтире турган кооптуу кадамга барып жатканын алар ойлонсо болмок же өкмөт аларга жок деп таккесе жооп бериш керек.

 Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ, саясый илимдердин кандидаты, доцент

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: