Токтогул шаарынын жол тейлөө ишканасынын имаратында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Майорбек Асанкановичтин, аталган райондун баш имам хатиби Алипбай Борошбаевдин жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп, анда Ош-Бишкек жолунда автоунаа менен жүргөн жүргүнчүлөрдү жол кырсыгынан сактоо жана алдын алуу боюнча бир нече маселелер талкууга алынды. Бул туурасында КМДБнын бсма сө кызматы билдирет.
Талкуунун жүрүшүндө райондун акими, МАИ кызматерлерине тартипти күчөтүү боюнча тапшырмасын берсе, райхатиб жолдо жүрүүнүн шарияттагы орду, мусаапыр тууралуу кыскача ып берди. Жыйындын аягында сый тамак уюштурулуп, жол кырсыгынан алыс болуу максатында алакан жайып, ак тилектер айтылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ