Бишкек шаарында акыркы бир сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 88 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
“Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаары боюнча коомдук коопсуздук кырдаал туруктуу жана көзөмөлгө алынган. 2020-жылдын 25-мартынан 23-апрелге чейинки убакта борбор калаада 1 миң 458 кылмыш иши катталды. Анын ичинен бети ачылган 1 миң 326. Ал эми бир сутка ичинде коменданттык саат эрежесин бузган 88 жаран кармалды. Алардын ичинен 73ү эркек жана 15и аял киши. Жалпысынан өзгөчө абал убагында тартип бузгандардын саны 2450 адам. Анын ичинен 2125и эркектер, 325и аял кишилер”,- деди Орозалиев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ