Menu

Тажикстанда зордукталган 13 жаштагы кыздын туугандары Жогорку сотко кайрылышты

Бөлүшүү:

Гиссар райондук сотунун имараты

Тажикстанда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып беш жылга эркинен ажыратылган жарандын мунапыс менен сот залынан бошотулушу социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда.

Интернет колдонуучулардын көбү соттун чечимин айыптап, аны «эрезеге жете элек кызга карата жасалган бузукулукка көңүл кош мамиле кылуу» деп баалап жатышат.

Кыздын үй-бүлөсү да соттун бул чечими менен макул болбой, Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылышты.

Ошол эле кезде мунапыс менен эркиндикке чыккан соттолуучунун жакындары Гиссар райондук сотунун чечимин «туура» деп эсептеп, зордуктоо тууралуу айыптоону «ушак» деп аташты.

9-декабрда Гиссар райондук соту зордуктоого айыпталган жаранды беш жылга эркинен ажыратып, дароо эле сот залынан мунапыс менен бошоткон. Сот өз чечимин түшүндүрүп жатып, кылмыш 2019-жылы августта жасалганын, мунапыс жөнүндө мыйзам быйыл октябрда кабыл алынганын, андыктан айыпталуучу амнистияга илингенин билдирген.

Жабырлануучу кыздын айтымында, 2019-жылы жайында чоң апасыныкына барганда эки ата өткөн агасы зордуктап койгон. Өспүрүмдүн жакындары бул окуя тууралуу ал боюнда сегиз айлык баланы көтөрүп жүргөндө гана билишкен. Кыздын апасы зордуктаган киши үй-бүлөлүү жана эки баласы бар экенин айткан.

Ноябрда жабырлануучу тарап тергөө иштери боюнча нааразылыктарын билдиришкен. Алар «Жашы жете элек кызды зордуктоо» беренеси «16га чыга элек кыз менен жыныстык катнашка баруу» беренесине алмаштырылганын, анда соттолуучу үчүн кыйла жеңил жаза каралганын билдиришкен.

https://www.centralasian.org/a/31008740.html

Тажикстанда зордуктоо айыбы менен соттолгондор 12 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратылат. Өлкөдө өлүм жазасына 2004-жылы мораторий киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: