Menu

Таластан да коронавирус чыкты, дарыгер коронавирус илдетине шектелип, ал иштеген оорукана карантинге алынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-июнда Таласта оорукана карантинге алынды. Оорукананын кызматкери коронавирус илдетине шектелүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.

Алардын айтымында, оорукана бейтаптарды кабыл алууну токтоткон.

«Коронавирус илдетине шектелген адам бар. Анализ азыркы учурда алынды. Жыйынтыгы чыга элек. Кийинчерээк кененирээк маалымат беребиз”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2055. Алардын ичинен 1483 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Ал эми каза болгондордун саны 24.

Эскерте кетсек, буга чейин Талас облусунун аймагында коронавирус илдетин жуктурган бир дагы учур катталган эмес. Бирок Бишкектин ооруканаларында коронавирустан жапа чеккен таластыктар бир топ эле экендигин министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: