Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы шайлоочуларды сатып алып жаткан видеосу интернетте тарады. Видео жашыруун камера менен тартылып, анда Сооронбай Жээнбековдун Бишкектин Горький жана Бектенов көчөлөрүнүн кесилишиндеги штабы шайлоочуларды ачык эле акчага сатып алып жатканын, шайлоодон кийин дагы ШКУдан акча берилээри, №9 – Жээнбековго саласыңар деп айтып жатканын көрүүгө болот. Бир жаран 71 паспорт жыйнап келип тапшырып, 100 миң сом акча алып жаткандыгы, эгер ушул паспорттун ээлери 15-октябрь күнү өздөрү добуш берүүгө келишсе ошол шайлоо участогунун алдында паспортторун жана дагы акча алары жазылып алынган.
Видео: “chyndyk.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ