Menu

Кийинки жылы Өзбекстан коронавирус менен күрөшүүгө 290 млн доллар бөлөт

Бөлүшүү:

Өзбекстан 2021-жылы саламаттык сактоо тармагына 1,9 миллиард доллардан ашык каражат коротот. Анын ичинен 290 миллион доллар коронавирус менен күрөшүүгө, 174 миллион сум дары-дармекке жумшалат.

Бул тууралуу 19-октябрда мамлекеттик бюджеттин параметрлерин талкуулоо үчурунда айтылды.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кийинки жылдын бюджетин пландоо учурунда пандемия жана дүйнөлүк экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүн эске алуу керек экенин белгилеген.

Пандемия шартында социалдык тармактардын чыгымын быйылкы жылга салыштырмалуу 15% көбөйтүү пандалууда.

Элдик билим берүү министрлигине жылдагыдан 16% көбүрөөк каражат каралат. Биринчи жолу мектептерди интернет түйүнүнө кошуу үчүн 9,6 миллион доллар жана жабдуу үчүн 19,2 миллион доллар бөлүнөт.

Жакырчылыкты кыскартуу үчүн аз камсыз үй-бүлөлөргө бериле турган социалдык жөлөк пул эки эсеге көбөйөт. Мындан тышкары жетим балдарды үй менен камсыздоого 2,9 миллион доллар жумшалат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: