Menu

Бектур Асанов, “Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери: “Эки жүздүүлүктүн, жалганчылыктын, кошоматчылыктын, коррупциянын доорунда жашап жатабыз”

Бөлүшүү:

Азыркы бийлик деле 2009-жылдын декабрындагы бийликтин түспөлүн кийип отурат. Алмазбек Шаршеновичтин тынчтык жолу менен кеткени кыргызга жасаган чоң жакшылыгы болмок. Бир да иш кылбады, революциянын максаттарын актабады. Революциянын максаттарынын жок дегенде 10-15%ы ишке ашты деген бир да кыргызстандыкты көрө албадым.

Мындай пикирин саясатчы Бектур Асанов “Майдан.kg” гезитине берген маегинде билдирген:

– Былтыр, 4-октябрда өткөн шайлоонун мурункулардан эмне айырмасы бар?

– 2005-жылы да Акаев оппозицияны парламентке келтирбөөнүн амалын жасап, акчаны болушунча чачып, кримдүйнөнүн өкүлдөрүнөн бери талапкер кылып салган. Эч нерсеге караган эмес. Оппозициядан парламенттик шайлоонун 1-турунан Бекназаровдон башкасынын бири да өткөн эмес, ал турмак Текебаев да. Акчасы менен бийликке келүүгө куштар болуп аткан азыркылардын айрымдарынын аталары өткөн, жогору жактын тапшырмасын буйдалтпай аткарчу “жоош-момундар” өткөн. Бирок, шайлоонун эртеси митинг өткөргөндө ошол шайлоодо талапкерлерден акча алган эл да мындайга макул болбой, адилеттүүлүктү орноткон. Дүйнө жузү боюнча таза шайлоону камсыз кылуунун негизги принциби – добуштарды сатып алууларга каршы катуу турат. Польшада ар бир талапкердин фондунда 700 доллар болот. Андан ашыкча каражат сарпталса, аны “сатып алууга барды” деп эсептешет. Ошол эле сыңары Акаев акча берип, криминалдарды койгонуна карабай эл кайра нааразы болуп чыкты. Ошентип, революция башталды. Андагы шайланган парламент да таратылган. Президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп турган Курманбек Бакиев парламентти таратуу боюнча жарлыкка кол коюп, кийинчерээк ууру парламент менен келишип, жарлыгын тытып салган. Анткен менен 2007-жылы таратып, “Ак Жолду” алып келбедиби. Көп жагынан алып караганда андагы шайлоо менен былтыркы шайлоо окшош. Элдин арасында “дагы эле баягылар талапкер болуп алышыптыр” деген ыраазы болбогондук менен “кимиси болсо да акчасын ала берели” деген эки пикир басымдуулук кылды. Бирок, адам фактору мындай да: адам алданганын сезгенден кийин ызалана баштайт. Ошондуктан, азыркы парламентке ичтери чыкпай, алданып калганын сезишип, катуу нааразычылык чыга баштады. Акаев менен Бакиев оппозицияга шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берчү, кийинчерээк сот аркылуу бир шылтоо таап алдырып салчу. А Атамбаев алдын-ала мисалы, биздин – жалгыз оппозициялык партияны алдырып салды. Ал гана эмес, башка партиялардын тизмесине кийлигишип, өзүнө баш бербеген саясатчыларга гана эмес, алардын жакындарына да колу жетти. Анан албетте, жоош жана момун, тил алчаак парламент шайланды. Башкача болушу мүмкүн эмес эле. Азыр булардын бир гана иши бар, өйдө жактын “фас” деген командасын эле күтүп олтурушат. Жогортон кандай буйрук келбесин, ошону аткаруу менен эле чектелишет. Өз алдынчалуулук, атуулдук позиция жок.

– Борбордук шайлоо комиссиясы Ак үйдүн гана көзүн караган органбы?

– БШК бийликтин кол баласы. Мындай Борбордук шайлоо комиссиясы Акаевдин да, Бакиевдин да тушунда болгон эмес. Анда жок дегенде мүчөлөрүнүн 4-5и өз көз карашында туруп, айрым маселелерге каршылыгын билдирчү. Азыр бир ооздон берилген көрсөтмөнү колдоп коюп атышат. Бул жагынан да бийлик “ийгиликке” жетишти.

– Партиялардын тизмесине президент баш болуп кийлигишкенин айттыңыз. Эмнеге партиялар тизмесине президентти кийлигиштирип атышат, көз карандысыздыкка эмнеге умтулушпайт?

– Адамда намыс болушу керек, адам биринчи таза болсо, артында корко турган эч нерсеси болбосо гана бекем болот. Айрымдар бар да “депутат болбосом өлүп калам” деген. Алар мандат үчүн кандай шарт болсо да аткарууга даяр. Бизге деле чекесин чыгарышты, “урааныңардагы Атамбаев деген сөздү алып салсаңар эле каттайбыз” деп. “Биздин ураан – биздин принцип, шайлоого катыштырбасаңар катыштырбагыла, бирок ураан ошол бойдон калат” деп болбой койдук. Жакында эми “Атамбаевсиз Кыргызстан үчүн!” деген кыймыл түзүлөт. Аны менен жер-жерлердеги элге барабыз. Белдүү саясатчылар менен сүйлөшүп атабыз, буйруса биз тынч митинг өткөрүүгө камданып атабыз.

– Азыр бизде иш жүзүндө кандай башкаруу?

– Парламент күчтүү болсо парламеттик, парламент алсыз болсо президенттик башкарууга өтүп кетет. Азыр мурункуга караганда да күчтүү президенттик башкаруу өкүм сүрүп атат. Парламент, өкмөт – баары Атамбаевдин колунда.

– Атамбаевдин бийлигине неге оппозиция болуп атасыз, кызмат берилбей калганы үчүнбү?

– Бакиев менен да, Акаев менен да иштештим. Бирок, мынчалык кара өзгөйлүккө кездешкен эмесмин. Жалал-Абаддын губернатору болуп иштеген учурда Атамбаевдин анык жүзүн көрдүм. Акчалуу жерлер: бажы, “Манас” аэропорту сыяктууларга өзүнүн кишилерин коюп атканы шек жараткан. Жалал-Абаддагы нефти заводун алууга да аракет жасашкан, ошондо 100 пайыз түшүндүм, менин жолум булар менен эмес экен. Тынч эле жүрөйүн деп кызматтан кеттим. Кийин кырдаал өзгөрдү, коомдун талабына ылайык саясатка кайтып келүүгө аргасыз болдум. 2010-жылы баатырлар көп чыкты, бирок басымдуу бөлүгү президенттин айдаган жагына көнүп кетишти. Анан калк арасындагы аксакалдар “абийирдүү кишилерден силер эле калдыңар, алган багытыңардан кайтпагыла” деп батасын бергенден кийин саясатка кайтып келгениме бир жарым жыл эле болду. Акаев баштап Бакиев уланткан, анын көрүнүштөрү азыр да сакталып турган бул ушундай доор болуп калды. Эки жүздүүлүктүн, жалганчылыктын, кошоматчылыктын, уурулуктун, коррупциянын доору. Кандай болбосун акча менен бийлик сүйлөйт деген эрежеси бар бул доорго чекит коюш керек болуп калды.

– Кылмыш ишин козготуп бийлик каршылаштарын коркутуу ыкмасы колдонулат дейсиз, таза адам кылмыш ишинен эмнеге коркмок эле, демек бийликтин атаандаштары деле сыдыргыга салгандай түз эмес экен да?

– Мисалы, мага деле Башкы прокуратура иш козгоду. Күнөөм болбосо иш козгогон менен кыла турган айлалары жок. Сотко да жеткиришпеди, маалымат каражаттарына да жарыялашпады. Ошондой эле таза адамдар эч убакта коркушпайт. Чындыкты айтышат, бет алган багытынан тайбайт. Бирок, бул жерде үй-бүлөгө да асылмай оюну болгондуктан, кээде айрым күчтүү адамдар так ушул жактан аксашат. Бийликке каршы чыктыңбы, сен коркпошуң керек, сени менен кошо үй-бүлө, бир туугандарың да коркпошу керек. Анан жакындары бизди да илештирип салба деп коркуп турса, багытынан бир аз артка кайткандар да болот. Оппозиция менен бийликтин жашоосу Арзымат менен Токтогул акындын жашоосундай. Арзымат жыргап-куунап жашаса,Токтогул чындыкты айтканы үчүн сүргүндө жүргөн.

– Басма сөздө Пакистандын элчиси менен жашыруун сүйлөшүүңүз тууралуу айтылды. Буга кандай муктаждык болду эле?

– Биринчиден, мен да убагында Пакистанда Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштегем. Пакистандын 200 миллиондон ашуун калкы бар, бардык тармакта чоң тажрыйбага ээ өлкө. Өзгөчө белгилеп коёюн, экстремизм, терроризм, “Ислам мамлекети” сыяктуу маселелер буларда жок. Же “Сирияда мынча пакистандык согушуп атат” деген бир маалымат тарадыбы? Экинчиден, элчи менен чайлашууда мен жалгыз болбогом, беш-алты киши да бар эле. 200 миллиондон ашык калкы бар мамлекеттин эли күрүчтөн кийин эле төө буурчакка басым жасашат. Ошондуктан, айрым ишкер жигиттер төө буурчакты Пакистанга экспорттосок кандай болот дегенинен, ушул маселе боюнча элчи менен сүйлөшүүнү туура деп тапканбыз. Колубуздан келсе биз мындай тажрыйбалуу өлкө менен тыгыз мамиледе болушубуз керек. Мен таң калам, Пакистан Түркияга караганда бизге үч эсе жакын, анда эмнеге төө буурчакты бул өлкөгө экспорттоого аракет жасабайбыз? Бул макала чыккандан кийин “төө буурчактын артында мафия турат” деген кептердин чындыгы барбы деп ойлонуп калдым. Дагы бир айтарым, элчи менен жолугушууну терроризмдин деңгээлине түшүрүп жиберген Атамбаевдин тегерегиндегилердин саясаты өтө пастык болуп калды. Минтип айтып аткан себебим, макала Ак үйдүн тапшырмасы. “Асанов бир шумдукту баштаганы атабы, К. Батыровдун досу” деп да жазылыптыр. Атамбаевдин кан досу экенин Кадыржан берген маектеринде далилдеп жүрөт. Айтып атпайбы маектеринде, “Атамбаев мени Москвадагы же Түркиядагы үйүңдө жаша деп атат” деп. Мындай сөзү менен Атамбаевдин досу экенин даана  көрсөтүп атат. Асанов бийлик менен байлыктын кулу болсо эмдигиче бийликтин айланасында чамгарак атып жүрмөк. Менин позициям бекем, андыктан күнүмдү бүтүрөбүз деген бийликтин максаты ишке ашпайт. Кайтаруучум деле жок, жалгыз эле ачык жүрөм. Анткени коркпойм, артымда коркута турган эч ишим жок. Маалымат каражаттары аркылуу мага жакшы эле чабуул жасашты. Айтаарым, бийлик менден эмес, өздөрүнөн корксун. Мыйзамсыз аракеттери боюнча Бакиевдин бийлигинен бул бийлик эки эсе ашып кетти. Мурда сот бийлиги кайсы бир деңгээлде бар болчу. Азыр түп-тамыры менен жоголду. Мен айтат элем, сот тармагын биротоло токтотуп эле, анын фукцияларын президенттик аппараттын юридикалык бөлүмүнө которуп коюшса деле болчудай. Ошондуктан Атамбаев өз каалоосу менен бир, бир жарым айдын ичинде бийлигин тапшырып кетсе, Кыргызстан туура жолго түшөт эле. Атамбаев душмандарына чабуул жасагандан көрө, катачылыкты өзүнөн издесин.

– Терроризм эң чоң кылмыштардын бири да, сизди террористтик жаатка “байлап” атышса, бул менен эле бүтпөйт, бийлик дагы  катуу кадамдарга барышы мүмкүн, мисалы кылмыш иши сыяктуу деп ойлобойсузбу?

– Мен эч нерседен коркпойм.  Бир да мыйзам бузууга барган эмесмин. 2010-жылдагы окуядан улам да жаман көрүп атышпайбы, анда Кыргызстандын стабилдүүлүгү үчүн курал тарат дешкенде таратпай койгонум чын. Өткөндө Оштогу полковник “курал таратты” деген маалыматта да мандем бар, бул бийлик кеткенден кийин ал да ачыкталат. Мени бийлик эмне гана кылган жок, чоң-чоң  кримтөбөлдөргө салып беришти, коркутуп көрүштү. Кокон хандыгында Мусулманкулду кандай кыйнашат, манжаларын бирден сындырышып. Бирок, “кың” деген үн чыгарган эмес. Мен да “кың” деген үн чыгарбайм. Позициямдан баш тартпайм. Атамбаев асманын таштап жиберсин! Менин президентке бир гана сунушум бар: Алмазбек Шаршенович, тынч гана өз каалооңуз менен бийликтен кетиңиз. Бул сиз үчүн да, эл үчүн да жакшы.

– Атамбаев парламенттик башкарууга өтүү зарылдыгын айтып чыга баштады, бул пикирин колдойт белеңиз?

– Парламенттик башкарууга өтүүнү эңсөө кайсы бир жол менен бийликте кайра калуунун амалын издеп атканы. Парламенттик башкарууга өтө салып кол баласын өзүнө караштуу парламент аркылуу шайлаттыра салып, өзү бийликтин дагы бир орчундуу орунунда отургузу келип атат. Бирок, кыргыз эли мындан ары Атамбаевди жана анын тегерегиндегилерди бийликке жакындатпай турганына бөркүмдөй ишенем. “Орок оро албаган орок тандайт”, “Кетмен чаба албаган кетмен тандайт” деген кыргыздын таасын макалдары бар. Азыркы Конституция эң сонун Конституция. Өлкөнүн стабилдүүлүгү Конституциянын өзгөрүүсүз турганынан билинет. Ошондуктан, жалпы эл өзгөртүүлөргө каршы болушубуз керек.

– “Президент каалоосу менен кетсин” деп атасыз, бирок, тескерисинче, ал бийлигин бекемдеп албадыбы?

– 2009-жылы Бакиев деле 80% добуш менен шайланып, ЦАРИИ түзүп, ага баласын отургузуп, “мамлекетти 40 жыл башкарабыз” деп ишенип алышкан. Андан бир аз өтүп эмне болду? Мен ошондо Бакиевге: “сиздин акыбалыңыз оор, бул темп менен кетсеңиз жаздан чыкпай каласыз”,- деп айткам. Азыркы бийлик деле 2009-жылдын декабрындагы бийликтин түспөлүн кийип отурат. Алмазбек Шаршеновичтин тынчтык жолу менен кеткени кыргызга жасаган чоң жакшылыгы болмок. Бир да иш кылбады, революциянын максаттарын актабады. Революциянын максаттарынын жок дегенде 10-15%ы ишке ашты деген бир да кыргызстандыкты көрө албадым. Башкара албагандан, аткара албагандан кийин кетиши керек.

– Атамбаев революциянын кайсы максаттарын ишке ашыра албады, конкреттүү айтып бере аласызбы?

– Атамбаев менен башында чогуу иштештим, бирок качан гана революциянын идеяларынан тайып баратканда, “жакшынын шарапаты, жамандын кесепети” дейт, булардан алыс жүрүүнү туура деп тапкам. Биринчи революциянын идеяларын Бакиев аткара албады эле кетти, бул киши да аткара албады, эми кетиши керек. Мамлекетте коррупция аябай күчөп, коркунучка кептелип баратканыбызды көрүп турабыз. Атамбаев тынч гана бийлигин тапшырып, таза шайлоо өткөрүп, башка киши мамлекет башына келип, акыбалды оңдобосо башка жол жок.

– Атамбаев аткара албай калган иштер кайсы?

– Революциянын максаты -таза шайлоо, коррупцияга каршы күрөш, “Кумтөрдү” мамлекеттин кызыкчылыгына карата чечүү, цивилизациялуу өлкө куруу болгон. Ошолордун бирөөсү аткарылдыбы, айтыңызчы? Тескерисинче, баарыбыз мамлекет көз алдыбызда кыйрап баратканына күбө болуп атабыз.

– Бирок, коррупцияга каршы күрөш жүрүп аткансыйт го, ар кайсы убакта ар кайсы жерден жетекчилердин пара менен кармалганын угуп калып атабыз.

– Коррупция менен күрөш душмандарды тандамай оюнуна айланды. Эгер Нарымбаев менен Өмүркулов 15 жылдан жаза алганда мен күрөш жүрүп атканына бир аз ишенмекмин. А.Келдибековду Атамбаев не деди эле, “пенсионерлердин акчасын жеп алган” деп айыптап чыкты беле? Президенттин ишенимдүү айтуусу боюнча пенсионерлердин акчасын жеп алган Келдибековду сот актап салды го? Анткени, Келдибеков элди көчөгө алып чыгып, жол тостуруп, бийликти жарга такап салды. Ал эми элди дүрбөтө албаган Түлеев, Аманбаевалар толугу менен жазаланышты.

– Башка президент келгенде гана өлкө оңолот дейсиз, өлкөнү оңой турган ким болушу мүмкүн?

– Бул эми “таза шайлоо өтсө, анын негизинде эл туура адамды тандап алат” деген кеп.

– Жазында кризис катуулайт деп атышат, буга да бийликти күнөөлөйбүзбү?

– Кризис азыр болуп атат, жазында мындан да күчөйт. Бийликтин эффективдүү башкара албаганынын жыйынтыгы. Бажы бмримдигине кирүүдөгү алешемдиктерди бир да анализ кылышкан эмес. Келишим кылмыштык жагдайда,  Кыргызстандын кызыкчылыгын эске албай түзүлгөн. Бир эле мисал айтайын, анда Россиядан Кыргызстанга машина алып келсе болот, Кыргызстандан Россияга чыгарууга болбойт деп турат. Бул бир эле мисал да. Анан ушундай келишимге кол коюп салышкан.

– Учурда эмне иш менен алектенип атасыз?

– Саясат менен тыгыз иштөөдөбүз. Улуттук оппозициялык кыймыл мыйзам чегинде иш-аракеттерди жасап атабыз. Мыйзам чегинде саясий күрөштү улантабыз. Ар түрдүү адамдар болот, бирөө качат, бирөө сынат, бирөө кызматка алданат. Бирок, кыргызда сынбаган-алданбаган, чындыктан жалтанбагандар көп. Алардын арасында мен да бармын. Ошондуктан, бийликтин бизге карата ар кандай айла-амал жасап, коркутканы ишке ашпайт.

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: