Menu

Марлен Маматалиев, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Өкмөт чабалдыгын даана көрсөттү”

Бөлүшүү:

– Солтон-Сарыда чыр күч алган сайын социалдык тармакты колдонуучулар «мындай абалда ЖК депутаттары кантип эс алып жатат? Маселени чечишпейпи?» дегендей нааразылыктар күч алууда?

– Өкмөт Солтон-Сары кенин токтотуп туруу боюнча өз мыйзамын чыгарды. Эгер алар мындай кадамга барбаганда, ал чечимди биз чыгармакпыз. Бул жолкуда 2-3 жумага созулуп, өкмөт өз убагында маселени чечпей, өтө создуктуруп жиберди. Өкмөт чабалдыгын дагы даана көрсөттү. Жакшы иштегенге мүмкүнчүлүгү, шарты да жок экенин көрсөтгү.

– Мындай чукул кырдаалда чогулуп маселе чечкенге жогору жактан команда керекпи? Кандай шарт менен чогуласыңар?

– Фракциялардан депутаттардан биригип сунуш киргизишибиз керек. Учурда деле чогулганга мүмкүнчүлүк бар. Маселе курчуп баратканда, албетте, биз чогулушубуз керек. Бирок ага жетпей өкмөт Солтон-Сарыдагы кен иштерин токтотконуна күбө болдук.

– Түрдүү маселелер жаралганда өз ара талкуулар болуп турабы?

– Отурум болгон жок. Ар бир депутат көз караштарын бир-бирден массалык маалымат каражаттарына айтышууда. «Эгер өкмөт чечпесе, биз чечели, чогулалы» деген маселе
көтөрүлүп жаткан.

– Өкмөт «убактылуу кенди трктоттук» дегени менен деле абал жеңилдеп кеткен жок го..

– Биринчиси, толугу менен токтотуп, Кытай компаниясы чыгып кетиши керек. Экинчиси, убактылуу токтотуп туруп, териштирип, атайын комиссия түзүлүшү шарт. Депутаттардан да ал комиссияга кириши зарыл. Болбосо биз өзүбүз комиссия түзүп алып, ошол кеддин бизге канча пайыз кереги бар экенин иликтеп, ошого жараша зыяндуулугун да текшерүүбүз керек эле. Зыяндуулугу аныкталса, пайдасына карабай токтотуу – учурдун талабы. Чындап эле мал өлүп, тургундар жабыркап жатса, лицензияны алып, компанияны чыгарыш керек да.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: