Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко ар дайым мушташканга даяр экенин билдирди. Ал мындай оюн SI.com. басылмасына берген интевьюсунда айтты.
“Мен мушташпасам, аябай чыдамсыз болуп кетем. Ошондуктан июнда боло турган мушташка кубануу менен макул болдум” – деген Валентина Шевченко.
Ал Австралиянын Перт шаарында боло турган UFC 251 турниринде өзүнүн чемпиондук наамын коргойт. Анда Валентина Шевченко Джоан Калдервуд менен мушташат. Шевченко атаандашын күчтүү жана ар тараптуу мушкер экенин айткан.
Ал турнир Австралияда өтө турганына кубанганын билдирген.
“Биз былтыр бир ай аралыгында Австралияда болуп, ар кайсы шаарларды кыдырганбыз. Перт менин жакшы көргөн шаарлардын бири болуп калды” – деп белгилеген мушкер айым.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ