2017-жылдын Ош облусунун Кара-Суу шаары аркылуу агып өткөн Шархан суусуна 4-август күнү 6 жаштагы эркек бала ойноп жатып, түшүп кеткен. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин №102 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары ошол эле күнү издөө иштерин жүргүзүүгө чыгышкан.
Сууга түшүп кеткен бала табылган эмес. Шархан суусун азайтууга мүмкүн болбогондуктан куткаруучулар кайра туруктуу ордуларына кайтышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ