Бишкек шаарынын 1-вице мэрине дайындалган Ринат Макенов аткаруу кызматтарынын бир топ тепкичтерин басып өткөн, тажрыйбалуу адис катары коомчулукка көрүнүп калды. Аз күн мурда ал Албек Ибраимовдун орун басарлыгына дайындалганда, шаардыктарга кадимкидей үмүт жаралды. Себеби, Ринат мырза кайсы гана ишти аркалабасын, ар дайым жаштарга үлгү көрсөтүп, өзүнүн профессионалдуулугу менен өзгөчөлөнүп келет. Мекенчил. Эң башкысы, ал мамлекет, эл үчүн кызмат кылууга жаралган инсан. Ак-Суунун таза суусун ичкен, Кызыл-Дыйкандан чыккан айрым жигиттер баары бир бийиктикти багындырышат…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ