Кыргыз мамлекеттик Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин атайын чет өлкөдөн келген кызматкерлер жашай турган батири бар. Мына ошол батир кайдан-жайдан кандай жол менен ошол кездеги окуу жайдын проректору Асанбековго тийип калганы табышмак. Мына ошол кызматтык батирди окуу жайдын каржы комитети ушул жылдын 16-февралында №13/6 буйругу менен Керимбеков көчөсүндө жайгашкан 5-үйдүн 15-батири 2017-жылдын биринчи мартына чейин, бошотулсун деген чечим чыгарылат. Мына ошол батирди атасынан калган батирдей эле колдонуп келген азыркы экс-проректор иштен алынганына карабай, бошото турган түрү жок. Бошоткондун ордуна, батирди бошотуу тууралуу билдирүүнү алып барган окуу жайдын кызматкерлерин алка-жакадан алып, эшикке сүйрөп чыккан экс-проректорго сурак жокпу? Ошол барган кызматкерлердин айтуусунда, ал кызматтык батирди Асанбеков ижара берип жибергени да айтылды. Эске сала кетсек Асанбеков окуу жайдын №07-25/4-498-буйругу менен 30-августта иштен алынган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ