Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Ачык маалыматтар боюнча иш-чаралар планы» долбоорун ишке ашыруу (TFSCB № 0А5660 гранты) тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Макулдашуунун максаты ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу, заманбап статистикага ээ болуу, ачык маалыматтарды башкаруу жана биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу болуп саналат.
Иш-чаралар планына ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) 450 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүп бермекчи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ