Menu

Киевде Порошенкого импичмент жарыялоону талап кылган жүрүш өттү

Бөлүшүү:

Грузиянын мурдагы президенти, “Жаңы күчтөр руху” кыймылынын лидери Михаил Саакашвили өз тарапкерлерин Украинанын баш калаасы Киевдин борборуна алып чыкты.

Акция “Элдик импичмент” деп аталды. Катышуучулар “Импичмент!” деп кыйкырышып, Майдандын чакырыктары болгон “Банда жоголсун!”, “Киев, ойгон!” деген ураандарды чакырып турушту. Ар кандай эсептер боюнча акцияга үч миңден, беш миңге чейин адам катышты. Алар Тарас Шевченко атындагы парктан Европа аянтына чейин басышты.

Полиция жана Улуттук гвардия жоокерлери курчаган президенттик администрациянын жанында акцияга чыккандар “Уят” деп кыйкырышып, президент Петро Порошенконун аткарылбай калган убадалары жазылган плакаттарды жерге таштап, тебелешти.

Муну менен алар Украинада революция болгон төрт жылга жакын убакыттан бери эч нерсе өзгөрбөгөнүн билдиришти.

Эки айдан бери парламент имаратынын жанындагы чатыр лагеринде отурган активисттер буга чейин депутаттык кол тийбестикти жоюу, антикоррупциялык сот түзүп, жаңы шайлоо системасын бекитүүнү талап кылып келген. Ноябрда дагы бир “Украина президентине импичмент жарыялоо” талабы кошулган.

Булардын бири да аткарылбаганына байланыштуу Саакашвили менен анын тарапкерлери 3-декабрда Киевдин борборунда жүрүшкө чыгарын жарыялашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: