Диний аалым Чубак ажынын экинчи аял алганын ачык айтканы коомдо талаш жаратты. Кээ бирөөлөр колдоп кубатташса, көпчүлүк Чубак ажы мыйзамды көзгө илбей, эки аял алууга чакырык таштап, өзү үлгү көрсөтүп жатат. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде жоопко тартыш керек дегенди айтып чыгышты. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү. Парламентте КСДП депутаты Аида Касымалиева: «Жаш жана кеңири аудиториясы бар адамдардын көп аял алуу тууралуу ойлонулбаган жана жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү Кыргызстандагы Конституциялык түзүлүш үчүн чоң коркунуч. Эгер мамлекеттик институттар мындай билдирүүлөргө реакция жасабаса, өлкөбүздү толук өзгөртө турган прецедент жаралышы ыктымал» дегенди айтып, парламент жана өкмөт Чубак Жалиловдун экинчи аял алуу тууралуу чакырыгы боюнча өз пикирин билдириши керектигин баса белгиледи. ИИМ кылмыш козгоого негиз жоктугун билдирсе, Аалымдар кецеши Чубак ажы чектен чыкпаганын маалым кылды. Айтор Чубак ажы салган чуу басыла элек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ