Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында жети жаштагы окуучу кызга сексуалдык ыдык көрсөттү деп камакка алынган 44 жаштагы мугалим беш жылга шарттуу кесилди.
Мындай чечимди Кара-Көл шаардык соту кабыл алды.Облустук соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, кылмышка шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Ага үч жылга мугалимдик иш жүргүзүүгө тыюу салынды.
Быйыл июль айында мурда мугалим болуп иштеген адам 1-классты аяктаган окуучу кызды Кара-Көл шаарындагы жаңы салынып жаткан үйлөрдүн жер төлөсүнө алдап алып кирип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган. Окуучу кыз бул тууралуу жакындарына билдирип, алар милицияга кайрылган соң кылмышка шектүү камакка алынган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ