Menu

Жылдыз Жолдошева, экс-депутат: “Турсунбай Бакир уулу экөөбүздүн турмуш курушубузга апаларыбыз макул болбой койгон”

Бөлүшүү:

Башка депутат айымдарыбыздан шайыр мүнөзү, эркектер менен тең тайлашып иш алып барган, бетке айткан сапаттары менен өзгөчөлөнүп турган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдыз Жолдошева сүйүүсү жана жеке жашоосу тууралуу айтып берет  

– Шайыр мүнөз депутат айымдын кандай үй-бүлөдө туулуп-өскөнү ар бир окурманды кызыктырат эмеспи, кепти балалыктан баштасак?

– Мүнөзүм шайыр, бирок менин оппоненттерим телевидение аркылуу мени урушчаак аялдай көрсөткөнгө аракет жасашты. Бирок эл аларга ишенбей койду. Себеби мен чарчабай, элди көп кыдырам. Мен жөнүндө көрсөтүлгөн терс көрүнүштөрдүн баары кара пиар экенин эл түшүндү. Апам сабатсыз, атам мугалим эле. Атам жети жашымда каза болуп калды. Апам жети баланы жалгыз чоңойтту. Балалыгым оор күндөр менен көп коштолду. Ага карабастан, кимдин болбосун бала чагы бактылуу эмеспи, мен да бактылуу болдум дейм. Бала кезимде велосипедди да, мотоциклди да жакшы айдап чоңойдум. Мектепте жалаң бешке окучумун. Бир гана химия сабагынан берген Адашбай агайыбыз мага “4” коюп койчу. Бирок өжөр болгондуктан, тырышып жүрүп кайрадан “5” алчумун.

– Жылдыз айым, алгачкы арзууңуз тууралуу кеп салсаңыз? Башкалар сыяктуу эле сиз да биринчи сүйүүгө кабылсаңыз керек?

– Шайыр мүнөзүм үчүн мени көптөгөн жигиттер сүйүп калышчу. Ал тургай азыркы күнгө чейин каттар келип, арзуу гүлдөрү тартууланат (күлүп). 1985-жылы Прибалтикадан Фрунзеге келип, кыргыздын мыкты инсандары менен биргеликте аткаруу бийлигинде иштеп калдым. Алардын айрымдары мага болгон сезимдерин айтпастан, мага кылган мамилелери менен гана түшүндүрүшчү. Бирок менден эч жооп болгон жок, себеби өмүрлүк жолдошум – мыкты жигит. Негизи сүйүү жашка карабайт, бирок алгачкы сүйүүң эстен кетпейт. Мен сүйүүгө өтө кылдат мамиле жасайм, себеби сүйүү– жан дүйнөнүн өзөгү. Алгачкы сүйүүгө мен да кабылдым. Ал жигит экөөбүз бир айылдан элек. Аттиң, ал бул жашоодон эрте кетип калды.

1976-жылы Фрунзе шаарында жердештердин кечеси болуп калды. Кечеге кашы- көзү капкара, өтө суз жигит кирип келди. Аны мен телеграфтан көргөн элем. Көрсө эжемдин классташы Рахман аке экен. Биринчи мага көңүл бурган жок. Кийин мен монолог окуганымда гана көңүл бурду. Ошентип, Рахман аке ар бир ишемби күнү менин жатаканама келип, театрга, киного, жөн эле сейилдеп келүүгө чакырып жүрдү. Дайыма ашканадан бирге тамактанчубуз. Тамактанып бүткөндөн кийин оозумду помада менен боегонум ага өзгөчө жакчу. Мен ал жигитке аябай көнүп калдым.

Анын апасы эрте каза болуп калгандыктан, энелер жөнүндө өтө көп ыр жазып, мага окуп берчү. Ошол ырларды угуп, мен да поэзияга жакын болуп калдым.

– Кесиптешиңиз Турсунбай Бакир уулу маектеринин биринде “Эркектей болгон курч мүнөздүү Жылдызкан Жолдошева бир учурда жүрөгүмө чок салган” деп айтканы бар. Ал кишинин жүрөгүнө эмне болуп чок салып жүрөсүз?

– Турсунбайдын бир тууган иниси Бактыбек мени жакшы көрүп калып, экөөбүз жолугушуп жүргөнбүз. Бактыбек бою узун, юмор кошуп сүйлөгөн, чыкыйып жүргөн сулуу жигит. Турсунбай анда аскерде болчу. Келгенден кийин биз көпкө жолуккан жокпуз. Күндөрдүн биринде апам экөөбүз Ош шаарында, балдарга майда-чүйдө алып жүргөнбүз, Турсунбай да апасы менен жүргөн экен. Капысынан жолугуп калдык. Ошондо мени ушунчалык мээримин төгүп карады, боорукерлиги жүзүнө чыгып турду. Эмне үчүн Турсунбайды кыздар өздөрү жакшы көрүп калат? Себеби аябай боорукер, дипломат, кыздарга өтө жумшак мамиле жасайт. Аялзаты боорукер эркектерди сүйөөрү анык. Бирок биз бир тууган таяке-жээн элек. Турсунбай өтө бай үй-бүлөдөн, а мен өтө кедей үй-бүлөдөн болчумун. Биздин турмуш куруубузга анын да, менин да апам макул болбой койгондо, мен тагдырыма, атам эрте өтүп кеткенине, кедей үй-бүлөдөн экендигибизге таарынып, ызалангам. Ошол таарыныч алдыма чоң максаттарды коюшума түрткү болуп, акыры Москвага кетип калгам.

– Жолдошуңуз менен кандай жагдайда баш кошуп калгансыз? Көгүчкөн учуруп, ушул кимге консо, мен ошого күйөөгө тием деп төлгө кылсаңыз, жолдошуңуздун башына конгонун бир маегиңизден окуп калдык эле. Ошол учурду кайра бир эстеп берсеңиз…

– Ошентип, 1979-жылы Турсунбайга таарынып, Москвага автодорожный институтка окууга тапшырууга кетип калгам. Ошол жылы ВДНХда чоң кинозалда СССРдин киносуна 60-жыл болгон чоң жыйналышы өтөт. Ага казак туугандар, “Кровь и пот” жана “Транссибирский экспресс” деген тасмаларын жана боз үй алып келишкен. Таластык Нургүл деген кыз экөөбүз боз үйгө баш баксак, туугандар казак кыздары экен деп болбой боз үйгө алып киришет. Нургүл таптаза казакча сүйлөгөндүктөн, алар казак кыздары деп ишенип калышкан. А мен сүйлөбөй күлүп коюп отурдум. Бир маалда Сагындык деген жигит мени менен шахмат ойноп, жеңилип баратканда, “Булат, помоги” дегенде карасам, аябай сулуу, бирок беттерин безетки баскан жигит олтуруптур. Экөөбүздүн көздөрүбүз бири-бирибизге чагыла түштү. Мен биринчи ал жигитти казак экен деп ойлогом. Мурда кыздарга көп тийишкен жигиттердин беттери ушундай болсо керек деп ойлочумун. Аягында экөө биригип “мат” коюп, жеңилгендерин мойнуна алышып, люля-кебаб алып берүү үчүн сыртка чыктык. Оо анда, ВДНХда тамактын түрлөрү бар болчу. Ошондо чынында эле, Болот вилка, кашык алганы кезекте турганда, көгүчкөндөр Болотту айланып калды. Ошондо “Эгер көгүчкөн Болоттун башына консо, анда мен ага турмушка чыгам” деп айтканым ырас. Бирок көгүчкөн оң ийинине конуп, эки үч айланып, анан Болоттун башына конгону ырас.

– Жолдошуңуздун кайсы сапаттары жагат да, кайсы сапаттары кыжырыңызга тиет?

– Жолдошум аябай тамашакөй. Баардык нерсени тамашага айландырып, күлдүрмөй жайы бар. Ошол сапатын аябай баалайм. Жаман сапаттары жок. Аябай боорукер. Мисалы “Чымынды өлтүрүп койсоң” десем, көпкө карап “койчу жашай берсин” деп коет.

– Сиздердин үй-бүлөдө деле казан-аяк кагышып, таарынышкан учурлар болсо керек?

-Таарынышкан учурлар болот, бирок өтө сейрек. Андай учурларда кимибиз күнөөлүү болсок, ошонубуз биринчи келип кечирим сурайбыз. Ал эми жаштык кезде анча-мынча казан- аяк кагышып калчу. Бирок жыл өткөн сайын бири-бириңе аяр мамиле жасап калат экенсиң.

– Жолдошуңуз сизге кол көтөргөн учурлар болгонбу?

– Баш кошконубузга быйыл 36 жыл болот. Бул жылдардын аралыгында мени кызганып, бир жолу кол көтөргөн. Ал кол көтөрүү биринчи жана акыркы болду. Мен эч качан коомчулукка кайсы маселеде болбосун, жалган маалымат бербегендиктен, жашоомдогу бул чындыкты да айта кетейин. Болот өтө интеллигент жана жумшак мүнөз, боорукер, эч кимди капа кылбаган бир мүнөздүү жигит. Аялзатын катуу сүйгөн эркек гана аялга жашоодо колунан эмне келсе, баарын берет. Болот мага жашоодогу эң кымбат нерселердин баарын берди. Мен өмүрлүк жарыма, балдарымдын атасына чексиз ыраазымын.

– Көпчүлүк эркектер аялынын лидер болуусун жактырышпайт эмеспи. Сиздердин үй-бүлөдө бул жагы кандай болду?

– Болотко турмушка чыгаарда мен эки шарт койгом: биринчиси менин эркиндигимди эч качан чектебейт, себеби мен өтө эркин өскөм. Экинчиси, анын мага болгон ишеними чексиз болуш керек. Мен анын ишенимин актай алаарымды бекемдеп айткам. Ошондон улам Болот мага тоскоолдук кылган жок. Өзү да “Эгерде сенин жасаган иш- аракеттериң мамлекетке, элге пайда алып келип жатса, анда мен колдошум гана керек” деп айтат. Болот токтоо, сабырдуу мүнөзү менен дайыма мени жеңип келет.

– Балдарыңыз тууралуу айтып өтсөңүз? Учурда эмне менен алектенишет?

– Эки уулум бар. Тун уулум Улан 35 жашта, үй-бүлөлүү, ал үч кыз, бир уулдун атасы. Учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Ал эми кичүү уулум Нурбек 29 жашта, ал эки кыздын атасы, жеке ишкер.

– Алардын билим алышына кандай көңүл бурдуңуз?

– Улан №61 мектепти бүткөн. Улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Кичүүсү – юрист. №13 мектепти, андан соң Улуттук университеттин юридикалык факультетин бүткөн.

– Кайсы тамакты мыкты жасайсыз? Сайма сайып, ичеги-карын артканды билесизби?

– Жаш кезимде жакшы кожойке элем. Азыр жумушума байланыштуу жолдошума, балдарыма, неберелериме өз колум менен тамак жасап берген күндөр сейрек кездешет. Үйдө келиним бар. Бирок кечинде үйгө келгенде кандай гана маанайда болбоюн, ар бири менен аздан болсо да сүйлөшүп, кеп-кеңештеримди, акыл- насааттарымды айтып турганга аракет кылам. Ал эми мыкты жасаган тамагым — палоо. Бул тамакты үй-бүлөбүз менен жакшы көрүп жейбиз. Чынын айтканда, өмүрүмдө сайма сайып, ичеги-карын арткан эмесмин, бирок сырткы иштерди, тагыраагы, мал, огород, отун-суу, айтор эркектин иштерин мен жасачумун.

– Сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз?

– Мен сулуу деле эмесмин. Болгону дайыма шайыр жүрөм. Ачуум келсе да чын дилден, күлсөм да чын дилден. Менде жасалма мүнөз жок. Албетте косметика колдоном. Сегиз жылдан бери “Белита” жана “Витэкс” деген Белоруссия-Италия мамлекеттери менен биргеликте иштешип чыккан косметиканы колдонуп келем. Андан сырткары, спорт менен машыгам. Жолдошум экөөбүз дем алыш күндөрү көбүрөөк басып, сейилдегенди жакшы көрөбүз. Диета кармайм, кек сактабайм, жүзүмдү дайыма муздак сууга жууйм.

– “Азия Ньюс” гезитине “Жылдыз Жолдошеванын көзү ачыкпы?” деген чакан макала жарык көрдү. Анда сиз Асылбек Жээнбеков спикерликтен кетерин, анын ордуна Чыныбай Турсунбеков спикер болорун, жаңы спикерди сиз 5 даана ак роза менен куттуктап чыгарыңызды, аягында дал ошондой болуп чыкканын жазышкан экен. Чын эле алдын ала көрө аласызбы? Анан дагы Иса Өмүркулов кийинки президент болорун айтыпсыз, буга кандай негиз бар?

– Кээде мен өзүмдөн өзүм корком, себеби мен айткан сөздөрдүн көбү орундалып калат. Чыныбай Турсунбеков жөнүндө айтылган сөз туура. Ал эми Иса Өмүркулов боюнча сөз башкача болгон, антип айтылган эмес. Ким президент болот, албетте, аны кудай билет. Бирок президенттикке татыктуу мырза жигиттерибиз бар, алар: Мыктыбек Абдылдаев, Арсланбек Малиев, Иса Өмүркулов, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Равшан Жээнбеков, Камчы Ташиев, Нариман Түлеев, Мелис Мырзакматов, Садыр Жапаров, Канат Исаев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов. Башкача айтканда, кыргыздын бычакка сап мырза жигиттери көп, кимиси болот, аны да айтаарбыз. Бирок мен жогорудагы аты аталган жигиттердин биригишин каалайт элем, себеби алар мамлекетке, элге ак дилден иштеп бере алышат. Эгер алар бир команда болуп биригишсе, кимиси кайсы кызматты ээлейт– ал башка кеп. Бирок тажрыйбалары мол, муундан-муунга өтүүчү салтты да кармап берүү менен бири-бирин колдоп гана чектелбестен, баштарынан өткөн сыноолор туура жолду тандоого алып келет эле. Балким ушундай болуп калаар…

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: