Menu

Өзбекстанда ажылык сапарга даярдануу расмий түрдө токтотулду

Бөлүшүү:

Быйыл коронавируска байланыштуу ажылык сапарга бара албай калган өзбекстандыктардын кезеги сакталат жана алар 2021-жылы зыяратка бара алышат. Бул тууралуу Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитетинин 16-апрелдеги расмий билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүдө Сауд Арабия Королдугунун Ажылык жана умра министрлиги Өзбекстанга кайрылып, пандемияга байланыштуу 2020-жылдагы ажылык сапарга даярдыкты токтото турууну өтүнгөнү айтылат.

Буга байланыштуу Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети ажылык сапарга бара турган жарандардын кезеги сактала турганын маалымдады.

Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алды, 83 адам көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: