АКШ президенти Дональд Трамп 11-декабрда “Космос саясаты боюнча директивага” кол койду. Аэронавтика жана космос изилдөө агенттигине (NASA) космосту өздөштүрүү боюнча инновациялык программаны жүзөгө ашыруу тапшырмасы берилет.
Жаңы директивага кол койгон күн 45 жыл мурун, 1972-жылдын 11-декабрында “Аполлон-17” космос кемесинин Айга учкан күнү менен дал келди.
Акүй космосту өздөштүрүү багытындагы саясаттын өзгөрүшү – АКШнын космос индустриясын алдыга сүрөөчү күч болушуна жардам берет деп эсептейт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ