Menu

Тажикстанда КВН командасынын жетекчиси 10 жылга камалышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Хужанд шаардык соту КВН боюнча Тажикстан курама командасынын жетекчисин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Мамлекеттик каражатты максатсыз колдонгон деп айыпталган Хайрулло Мирсаидовдун камактагы 72 сааттык мөөнөтү 8-декабрда аяктаган.

Согди облустук прокуратурасынан кабарлашкандай, Мирсаидовго карата «Ишенип берилген акчаны коротуу же өзүнө алуу», «Расалык, жердештик жана диний кастыкты козутуу», «Документтерди, мөөр, штамптарды жасалмалоо» жана «Жалган билдирүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Маалыматка караганда, Хайрулло Мирсаидов 6-декабрда Согди облустук прокуратурасына чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Учурда ал Хужанд тергөө абагында кармалууда.

Ал буга чейин жергиликтүү бийлик аны КВН командасы үчүн бөлүнгөн акчаны максатсыз пайдаланууга айыптап, алардын ортосунда жаңжал болуп жатканын кабарлаган. “Мен 8-ноябрда президент Рахмонго, баш прокурорго жана Согди облусунун башчысына кайрылып, жергиликтүү аткаминерлердин күнөөсүнөн улам команда туш болгон көйгөлөр тууралуу билдирүүгө аргасыз болдум”, – деген ал.

Мирсаидовдун айтымында, 2014-жылы Согди облусунун башчысынын демилгеси менен негизделген команда 10-ноябрда Москвага учуп кетиши керек болчу. «Ага Согди облусунун бийлиги каражат бөлүп бермек. Бирок биз акча алган жокпуз. Анткени облустун Жаштар иштери боюнча комитетинин жетекчилигинин арызы менен прокуратура биздин команданын ишмердүүлүгүн, анын ичинде бюджеттик каражаттын пайдаланылышын текшере баштады», – деди ал.

Хайрулло Мирсаидовдун айтымында, буга чейин комитет кызматкерлери андан КВН командасы үчүн бөлүнгөн бюджеттик акчадан 1000 доллар өлчөмүндө пара сурашкан. Комитеттен бул айыптоолорду четке кагышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: