Menu

Өзбекстан Испаниядан экс-башкы прокурордун «шеригин» өткөрүп берүүнү талап кылды

Бөлүшүү:

Алишер Ходиев быйыл мартта өзбек бийлигинин өтүнүчү менен Барселонада кармалган

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Испаниянын көзөмөл органына кайрылып, өзбек жараны Алишер Ходиевди Ташкентке өткөрүп берүүнү талап кылды. Издөөдө жүргөн Ходиев испан полициясы тарабынан 10-мартта Барселонада кармалган.

30 жаштагы Алишер Ходиев мекенинде опузалап акча талап кылуу, алдамчылык жана кылмыштуу жол менен алынган акчаларды адалдоо беренелери боюнча айыпталууда. Ага карата Өзбекстандын мурдагы башкы ппрокурору Рашид Кадыровго каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында айып тагылган.

Ходиевдин Испаниядагы адвокаты алар Өзбекстандын Башкы прокуратурасынан айыптоолор боюнча «кошумча документтерди» жана «фактыларды» талап кылышканын айтты.

Өзбекстандын экс-башкы прокурорунун уулу Алишер Кадыровдун студент кездеги досу эсептелген Алишер ХодиевӨзбекстанда катталган Corris Invest ишканасынын директору. Өзбек ИИМи Алишер Кадыровду быйыл 5-мартта эл аралык издөөгө салган.

Алишер Ходиевге каршы айыптоо өкүмү Өзбекстандагы бир нече ишкананын башчысы жана өлкөдөгү эң алдыңкы коммерциялык банктардын бири эсептелген «Инфинбанктын» эң ири акционери Фарход Маматжанов аттуу адамдын арыздануусунун негизинде чыгарылган.

Маалыматка караганда, Ходиев кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, 2009-жылдан 2013-жылга чейин Фарход Маматжановдон 2,6 миллион АКШ долларын талап кылган. Өзбекстандын Башкы көзөмөл органы Ходиев бул кылмыштарга мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров, анын уулу Алишер, ишкер Хайрулла Мусабаев жана башка бир канча адам менен сүйлөшүп алып жасаганын билдирүүдө.

Испанияда Алишер Ходиевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан Bray&Avalo Abogados деген адвокаттык кеңсенин өкүлдөрү бул айыптолоолор «жалпы мүнөзгө ээ экенин» белгилешүүдө.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: