Бийлик орустарга жагынуу жагын ойлодубу, айтор, отуз жаштагы Артем Новиков дегенди экономика министри кылып койду. Бул жаш бала андай деле олуттуу, жоопкерчиликтүү кызматтарда иштебептир. Негизинен чоңдорго жардамчылык милдеттерди аткарып эле жүрүптүр. Экономикабыз эңшерилип турган заманда өтө тажрыйбалуу, алдыны көрө билген, далай суу кечкен кадрды койсок не? «Кадрлар баарын чечет» деп Сталин бекер айткан эмес да. Эми ушул бели ката элек Артем эмнени кыйратат? Балким билимдүүдүр… Бирок, экономиканы көтөрүү үчүн бүтүндөй кырк-элүү жылдык өмүрдү алган тажрыйба керек да, туурабы? Же орустардын көңүлүн жубатуу үчүн болгон саясатыбызбы?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ