Menu

7-апрелде бийлик митингге чыгат

Бөлүшүү:

ИИМдин маалымат кызматы 6-апрелден тартып, күч кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштешээрин, айрыкча 7-апрель күнү Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтындагы иш-чараларга келгендерди бирден темир детектор менен текшерип киргизээрин жарыя кылды. Бирок, жакында эле Т. Сатылганов атындагы филармонияда 7-апрель ыңкылабынын урматына карата үлкөн жыйын өтүп, Өкмөт башчы баштаган расмийлер эл алдында “жел сандарды” окуп, катуу мактанышкан эле. Ошондуктан, 7-апрелде Акүйдүн айланасында эскерүү иш чарасы уюштурулбайт го деп ойлогонбуз.

Көрсө, жаңылышыппыз. Бул күнү бийлик митингге чыгат экен! Ооба, административдик күчтү колдонуу менен бул күнү азыркы бийлик өздөрүнүн колдооочулары катары студенттерди, мугалимдер менен врачтарды, илимий мекеме кызматкерлери менен бирге ыңкылаптын баатырларын борбордук аянтка жапырт ээрчитип чыгып, майрамдык тамаша курат экен.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: