Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 3-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын болбойт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -2…-7, күндүз: -3… +8,
Таласта түнкүсүн: -5…-10, күндүз: -2… +3,
Баткенде түнкүсүн: -2… +3, күндүз: +3…+8,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: -2…+3, күндүз: +3…+8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -2…-7, күндүз: 0…+5,
Нарында түнкүсүн: -7…-12, күндүз: -2…+3,
Бишкекте түнкүсүн -3…-5, күндүз: +6…+8.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ