Башкы прокуратура Дастан Бекешевдин Ак үйдүн кызматкерлерин жоопко тартуу боюнча кайрылуусуна расмий жооп берди. Депутат Дастан Бекешев бул туурасында документти Фейсбук баракчасына жарыялаган.
Башкы прокуратура өз жообунда референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору качан жарыялангандыгы жана Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыккандыгы, ошондой эле долбоорду иштеп чыгуу үчүн Конституциялык конференция түзүлгөндүгү жөнүндө маалымдады.
Ошол эле учурда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ишине кийлигишкендиги үчүн президенттик администрациянын кызматкерлерин жоопко тартууну суранган Бекешевдин кайрылуусу боюнча түшүндүрмө берген жок. Бекешев жада калса Конституциянын долбоору камтылган документти президенттин администрация башчысынын орун басары Бектур Зулпиев түзүп, редакциялагандыгы тууралуу видео далилдерди келтирген. Ошентип, Башкы прокуратура Бекешевдин арызынын маңызын четке какты.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда 80 депутаттан турган топ президенттин пайдасына жаңы ченемдерди киргизген Баш мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга койгон. Коомдук талкууга коюлгандан кийин айрым депутаттар Конституциянын долбоорун үстүртөн гана таанышып, кол койгонун айтып чыгышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ