Menu

Бир ай ичинде Улуттук банк сомду колдоо максатында $84,7 миллион сатты

Бөлүшүү:

Сомдун курсун кармап туруу үчүн Улуттук банк ноябрь айында валюта базарында 84,7 миллион доллар сатты. Бул тууралуу маалымат банктын сайтына жарыялады.

Ошентип, 12-ноябрда алар 26,8 миллион доллар, 16-ноябрда 21,4 миллион доллар сатышты. Эртеси, банк кайрадан 500 000 долларлык интервенция менен валюта базарына чыкты. 18-ноябрда 1,3 млн доллар, 19-ноябрда 3 млн доллар, 20-ноябрда 2 млн 50 миң доллар сатылды.

Интервенциялар өткөн жумада дагы улантылды. 24-ноябрда алар 1,6 миллион доллар, 25-ноябрда – 3,1 миллион доллар, 26-ноябрда – 5,8 миллион доллар, 27-ноябрда – 1,1 миллион доллар сатышты. Ноябрь айынын акыркы күнүндө КР Улуттук банкы дагы 16,1 миллион доллар сатты.

Ноябрь айынын башынан бери Улуттук банк он бир интервенция жүргүзүп, 84 миллион 750 миң долларды саткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: