Спорт ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионат Польшанын борбору Варшавада өтүп, ага катышкан аксакал спортчуларыбыз олжолуу келишти. Айталы, ИИМдин мурдагы министри, генерал Мелис Турганбаев түркиялык атаандашын утуп алып, жарым финалда жапандык Томацу Какефудага уттуруп койгону менен финалдык таймашка келгенде үй ээси польшалык Сильвестер Петр Сзыманскини 11:0 эсебинде утуп, коло медалды Кыргызстанга алып берди.
Ошондой эле дагы спортчу, кант диабети деген илдетти спорт менен жеңген Чынарбек Изабеков да атаандаштарын кыдыракей жыгып отуруп алтын медалды мойнуна тагынды. Албетте, ардагерлердин мындай ийгилиги далай спортту таштап койгон адамдарды ойготуп, ийгилик үчүн жаш өзгөчөлүк жолтоо боло албасын түшүнсө керек…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ