Menu

25 жаштагы жигит 15 жаштагы окуучу кыз менен жыныстык катнашка барганы үчүн 7,5 жылга кесилди

Бөлүшүү:

25 жаштагы жигит 15 жаштагы окуучу кыз менен жыныстык катнашка барганы үчүн 7,5 жылга кесилди. Мындай маалымат Жогорку соттун расмий сайтына жарыяланды.

Алардын маалыматына караганда, 25 жаштагы жигит бойдок, ал өспүрүм кыз менен интернет аркылуу таанышкан. Интернеттен сүйлөшүп жүрүп, бири-бирин жактырып калышкан. Бойдок жигит бир күнү окуучуну жолугушууга чакырып, машинасына салып кетип, аны менен жыныстык катнашта болгон. Сотто окуучу да, айыпталуучу да мындай нерсе бир нече жолу болгонун, болгондо да өз эрки менен катнашка баргандарын айтышкан.

Сот эки тарапты тең угуп, жашы жете элек кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттер болгонун баса белгилеп, жигитти Жазык кодексинин 164-беренеси (“Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча күнөөлүү деп таап, аны 7,5 жылга эркинен ажыраткан.

Буга чейин социалдык тармактарда: “Окуучу кыз чоң киши менен жыныстык катнашта болгонбу же зордукталганбы?” – деген суроо туулуп, кызуу талкуулашкан.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: