Жылына өлкөгө 2 миллиард доллар каражат которуп жаткан мигранттар пенсия ала албайт. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров 17-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. «Эгер эмгек стажы жок, эмгек китепчеси жок болсо, социалдык төлөмдөрдү төкпөсө, пенсияга чыга албайт. Учурда Орусия менен бул багытга сүйлөшүп жатабыз. Бирок маселе бар, анткени Орусия тарап буга чейин мигранттардын социалдык төгүмдөрүн берүүгө каршы пикир берген. Мен ойлойм, келечекте эки өлкөнүн президенттери жолуккан учурда бул маселе көтөрүлөт. Учурда Корея менен келишим түздүк: банк, почта ишканалары аркылуу биздин жарандар социалдык төгүмдөрүн ала алышат” деди Абжапаров.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ