Акыйкатчы Кубат Оторбаев журналист Зулпукаар Сапановго карата чыккан сот өкүмүн “инквизацияга кайтуу” деп атады. З.Сапанов “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде “диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган” деп күнөөлөнүп, 12-сентябрда төрт жылга эркинен ажыратылган.
Акыйкатчы бул өкүм өтө катаал болуп калганын белгилеп, Сапанов абактан бошотулушу керектигин айтууда. Оторбаев өз билдирүүсүндө, Сапановдун соттолушуна себеп болгон китебин өзү окуп чыкканын, ал кандай гана дин болбосун, христианчылык, ислам же башкабы, андан тышкары каралышы керек болчу деген пикирин айтып, “муну журналисттин чыгармачыл, философ катары жеке эркин ой жүгүртүүсү катары караш керек. Адамзаттын тарыхында чыгарманы коомдун ичиндеги кууш, чектелген саясий же башка өңүттөр аркылуу карап алып, кийин уят болгон учурлар бар”,- деди. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму быйыл жайында жарыялаган рейтингде Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында “көйгөйлүү өлкөлөрдүн” катарынан орун алган. Ага ылайык, 180 өлкө ичинен Кыргызстан былтыр 85-орунду ээлесе, быйыл 89-орунга түшүп, төрт позицияга төмөндөгөн.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ