Menu

Кой-Таш окуясы боюнча мамкомиссиянын бүтүмүн ким көрдү, ыя?

Бөлүшүү:

2019-жылдын 7-8-август күндөрүндөгү Чүй облусунун Аламүдүн раойнунун Кой-Таш айылындагы окуяларды иликтеген мамкомиссия өз ишин аяктады. Бүтүмү парламентке жөнөтүлгөн.

Мурда документ келип түшкөнүн Жогорку Кеңеш билдирген. Ал эми профилдик комитеттин төрагасы Наталья Никитенко комиссиянын жыйынтыгы келбегенин айтып чыкты. “Кызык экен, биз ал бүтүмдү бекитип, анан ал парламентке кароого кетмек”, – деди депутат айым.

Конституциялык палатанын экс-соту, ал комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова да анын өзгөчөлөнгөн пикири да депутаттарга жетпей калдыбы деп чочулап турат. Бирок Жогорку Кеңеш карап жатканда, анын өзгөчө ою эске алынбай калышы мүмкүн дейт.

Наталья Никитенко Клара Сооронкулованын пикири да комитетке келбегенин айтты.

“Эгерде менин оюмду эске алышпаса, анда мен аны ММКлар аркылуу таратам. Мен бүтүмгө кол коюп бердим, бирок А.Атамбаевди кармаган атайын операциянын алешемдигине күч түзүмдөрдүн башчылары керт баштары менен жооп бериши керектигин келтиргем”, – дейт Клара Сооронкулова.

Мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон тополоңду иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзгөн. Комиссиянын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: