6-7-декабрда Доха шаарында Интерпол уюмунун адам сатууга каршы жана мигранттарды мыйзамсыз алып кирүү проблемалары боюнча 5-глобалдык конференциясы болуп ѳттү. Бул туурасында ТИМ басма сөз кызмат билдирет.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция боюнча кызматынын ѳкүлдѳрү катышып, учурдагы адам сатуу жана мыйзамсыз миграция кѳйгѳлѳрү боюнча талкуулорго ѳз салымдарын кошушту. Мындан тышкары, катышуучулар адам сатуу жана мыйзамсыз миграция жаатындага эл аралык кызматташуу боюнча ой алмашып, ийгиликтүү тажрыйбалар жана жетишкендиктер менен бѳлүшүп, эл аралык уюмдардын перзентациясына күбѳ болушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ