ЖАКтын башчысын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри гана кызматка дайындап жана бошото алат. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
ЖАКты Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага башкарат. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүүдө.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ